Редакцияот 23.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык  Кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын кезектеги алтынчы сессиясы

2024-жылдын 23-августу  №6/1

Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бекитилген   бюджетине өзгөртүүлөрдү жана  толуктоолорду киргизүү  жөнүндө 

Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бекитилген   бюджетине өзгөртүүлөрдү жана  толуктоолорду киргизүү  жөнүндө ФЭБ башчысынын сунушун угуп жана талкуулап Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин  сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.Кара-Гуз айыл өкмөтүнө караштуу орто мектептерге, айыл чарбасына, аппаратка, турак жай жана коммуналдык чарба боюнча 2024-жылдын бюджетинен каралган төмөндөгү статьяларга өзгөртүүлөр киргизилсин.

2.Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 709- беренесинин 2215 статьясынан 268 000 сом, 709- беренесинин 2222 статьясынан 100 000 сом, 704-беренесинин 2215 статьясынан 600 000 сом, 706-беренесинин 2215 статьясынан 900 000 сом акча каражаты азайтылсын.

3.709- беренесинин 3112 статьясына 268 000 сом, 709 - беренесинин 3111 статьясына 100 000 сом, 706- беренесинин 3111 статьясына 1 300 000 сом жана 701- беренесинин 2215 статьясына 200 000 сом акча каражаты көбөйтүлсүн.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдинге милдеттендирилсин.

Төрага:

     Н.И. Бөкөев