Редакцияот 23.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык  Кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын кезектеги алтынчы сессиясы

2024-жылдын 23-августу  №6/3

Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн аймагындагы дыйкан чарбаларды жөнгө салуу жөнүндө 

Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн аймагындагы дыйкан чарбалардын документтеринин мыйзамдуулугун кароо,жерлерин тактоо жөнүндө депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык  Кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кеңеш, Пор айылдарындагы дыйкан чарбалардын документтеринин мыйзамдуулугу каралсын, жерлерине тактоо жүргүзүлсүн.

 

2.Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кеңеш, Пор айылдарындагы дыйкан чарбалардын документтеринин мыйзамдуулугу кароо, жерлерине тактоо жүргүзүү үчүн төмөндөгүдөй комиссия түзүлсүн.

Комиисиянын төрагасы- Иса уулу Нурдин айыл өкмөт башчысы

Комиссиянын катчысы - Салиев Бердибек жер адис

Комиссиянын мүчөлөрү - Бөкөев Нурланбек Илиязович А/К төрагасы

Кыдырбеков Мамажусуп Сарыкович А/К депутаты

Пусурманкулов Ысабек Матишович А/К депутаты

 

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдинге милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

     Н.И. Бөкөев