Редакцияот 23.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык  Кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын кезектеги алтынчы сессиясы

2024-жылдын 23-августу  №6/6

Кара-Гуз айыл аймагындагы “Кеңеш таза суу жана  тазалык” муниципалдык ишканасына таштанды жыйноого техника  алуу  үчүн “Кеңеш таза суу жана тазалык” муниципалдык ишканасынын бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

Кара-Кулжа райондук өнүктүрүү фондусунун колдоосу менен Кара-Гуз айыл аймагындагы “Кеңеш таза суу жана  тазалык” муниципалдык ишканасына таштанды жыйноого  техника  алуу үчүн “Кеңеш таза суу жана  тазалык” муниципалдык ишканасынын башчысы А.Маматкайымовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,        Кара-Гуз айылдык Кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.Кара-Гуз айыл аймагындагы “Кеңеш таза суу жана тазалык” муниципалдык ишканасына таштанды жыйноого  техника алуу  үчүн өздүк салым катары “Кеңеш таза суу жана тазалык” муниципалдык ишканасынын бюджетинен 175 000 ( бир жүз жетимиш беш миң) сом акча каражаты Кара-Кулжа райондук өнүктүрүү фондусуна бөлүнүп берилсин.

 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Кеңеш таза суу жана  тазалык” муниципалдык ишканасынын башчысы А.Маматкайымовго  милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

     Н.И. Бөкөев