Редакцияот 03.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2025-жылдын 3-марты №25

Улахол айыл аймагындагы кыймылсыз мүлккө жана калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге мүлк салыгынын зоналдык коэфицентти көтөрүү жөнүндөгү 31.01.2025-ж. №15 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө.

Айыл Өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Б.Эшимовдун маалыматын жана бюджет, салык жана финансы маселелери боюнча туруктуу  комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:
  1. Улахол айыл аймагында турак жайга мүлк салыгынын ставкасы 8,5 (1-группадагы мүлк) болуп бекитилсин.
  2. Улахол айыл аймагында калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге мүлк салыгынын зоналдык коэфиценти 2,0ге көтөрүлүп бекитилсин.
  3. Турак жай багытындагы эмес имараттарга  (2-группа) жана комерциялык жайлар  үчүн мүлк салыгынын зоналдык коэфицентти 2,0ге көтөрүлүп бекитилсин.
  4. Улахол айылдык Кеңешинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 25 - токтомун 

Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, ченемдик укуктук актылардын Реестрине кошуу үчүн Юстиция министрлигинин Ысык-Көл областтык бөлүмүнө жөнөтүү жагы Улахол айылдык кеңешинин жооптуу катчысы И.Жээнтаевге милдеттендирилсин.

  1. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

Төрага        К.Бейшеев