Редакцияот 03.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2025-жылдын 3-марты №26

Оттук айылынын “ Кулун” участогундагы №36 контурда жайгашкан 0,70 га жер аянтынын категориясын которуу жөнүндө.

Айыл Өкмөтүнүн башчысы Т.Калыковдун маалыматын жана айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу  комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:
  1. Оттук айылынын “ Кулун” участогундагы №36 контурда жайгашкан 0,70 га жер

аянтын айыл өкмөттүн муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин.

  1. “Кулун” участогундагы №36 контурда жайгашкан 0,70 га жер аянтынын

категориясын которууга макулдук берилсин. Бул жердин категориясын которуу боюнча тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнө милдетендирилсин.

  1. Улахол айылдык Кеңешинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 26 - токтомун 

Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, ченемдик укуктук актылардын Реестрине кошуу үчүн Юстиция министрлигинин Ысык-Көл областтык бөлүмүнө жөнөтүү жагы Улахол айылдык кеңешинин жооптуу катчысы И.Жээнтаевге милдеттендирилсин.

  1. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

Төрага        К.Бейшеев