Редакцияот 03.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2025-жылдын 3-марты №27

Айыл өкмөткө атайын техникаларды лизинге алууга макулдук берүү жөнүндө.

Айыл Өкмөтүнүн башчысы Т.Калыковдун маалыматын угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:
  1. Айыл өкмөткө атайын техникаларды лизинге алууга макулдук берилсин.

 Айыл өкмөткө атайын техникаларды лизинге алууга макулдук берүү боюнча тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнө милдетендирилсин.

  1. Улахол айылдык Кеңешинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 27 - токтомун 

Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, ченемдик укуктук актылардын Реестрине кошуу үчүн Юстиция министрлигинин Ысык-Көл областтык бөлүмүнө жөнөтүү жагы Улахол айылдык кеңешинин жооптуу катчысы И.Жээнтаевге милдеттендирилсин.

  1. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

Төрага        К.Бейшеев