Редакцияот 03.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2025-жылдын 3-марты №28

Айыл чарба департаментине тиешелүү Бар-Булак 2 участкасындагы 8,14га,  сугат

айдоо,  4,80 га чоп чабынды жерди Шор-Булак 2 участкасындагы 13 контурдагы жерге алмаштыруу боюнча макулдук берүү жөнүндө.

Шор-Булак айылнын тургундарынын кайрылуусун жана айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу  комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     Айыл чарба департаментине тиешелүү Бар-Булак 2 участкасындагы 8,14га,  сугат

айдоо жана 4,80 га чөп чабынды  жерди Шор-Булак 2 участкасындагы 13 контурдагы жерге алмаштыруу боюнча макулдук берилсин.

2.     Айыл чарба департаментине тиешелүү Бар-Булак 2 участкасындагы 8,14га,  сугат

айдоо жана 4,80 га чөп чабынды  жерди Шор-Булак 2 участкасындагы 13 контурдагы жерге алмаштыруу боюнча тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнө милдетендирилсин.

3.     Улахол айылдык Кеңешинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 28 - токтомун 

Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, ченемдик укуктук актылардын Реестрине кошуу үчүн Юстиция министрлигинин Ысык-Көл областтык бөлүмүнө жөнөтүү жагы Улахол айылдык кеңешинин жооптуу катчысы И.Жээнтаевге милдеттендирилсин.

4.     Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

Төрага        К.Бейшеев