Редакцияот 03.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ

                                            ТОКТОМ

2025-жылдын 3-февралы №26

 

Жеңиш айылына этно-комплекс куруу  жөнүндө

 

Жаргылчак айыл аймагынын Жеңиш айылындагы 1.60га жер аянтына этно-комплекс  курууга макулдук берүү максатында Жаргылчак жергиликтүү кеңешитоктом кылат:

1.     Жеңиш айылындагы 1.60га жер аянтына этно-комплекс  курууга макулдук берилсин.

2.     Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тиешелүү иш кагаздарын жүргүзүү айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси  М.Жаманаковго тапшырылсын.

3.     Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Акматовго тапшырылсын.

4.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.

Төрага                                                                                                     Т.К.Баякунов