Редакцияот 03.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ

                                                 ТОКТОМ

2025-жылдын 3-февралы №29

Жаргылчак айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу”  наамын ыйгаруу жөнүндө

 

 

          Жаргылчак жергиликтүү кеңешинин төрагасы Т.К.Баякуновдун жана айыл тургундарынын  кайрылуусу менен таанышып, талкуулап Жаргылчак жергиликтүү кеңеши  токтом кылат:

 

  1. Мамлекетибиздин укук коргоо тармактарында көп жылдык үзүрлүү эмгеги, мамлекетибизде жана Даркан  айылда курулган жаңы имараттарды долборлоодогу үзүрлүү эмгектери үчүн Даркан айылынын тургуну О.Ж.Урманбетовго Жаргылчак айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
  1. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Акматовго тапшырылсын.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.

 

Төрага                                                                                                     Т.К.Баякунов