Редакцияот 03.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ

                                              ТОКТОМ

2025-жылдын 3-февралы №31

Жаргылчак айыл аймагынын айылдарында көчөлөрдүн абалын ирээтке келтирүү жөнүндө

 

Жаргылчак айыл аймагынын айылдарында көчөлөрүн кеңейтүү, сугат суу арыктарын жылдыруу жана көчөлөрдүн жалпы абалын ирээтке келтирүүмаксатында Жаргылчак жергиликтүү кеңешитоктом кылат:

1.     Жаргылчак айыл аймагынын Ак-Терек, Кичи-Жаргылчак, Чоң-Жаргылчак, Жеңиш жана Даркан айылдарында көчөлөрүн кеңейтүү, сугат суу арыктарын жылдыруу жана көчөлөрдүн жалпы абалын ирээтке келтирүүиштери жүргүзүлсүн.

2.     Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык райондук  тиешелүү мамлекеттик мекеме-ишканалар менен биргеликте  тактоо иштерин  жүргүзүү  айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына жана айыл өкмөтүнүн  жер маселелери боюнча башкы адиси  М.Жаманаковго милдеттендирилсин.

3.     Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Акматовго тапшырылсын.

4.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.

 

Төрага                                                                                                     Т.К.Баякунов