Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЙЗАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Байзак айыл аймагынын айылдык кеңештин биринчи сессиясы

2024-жылдын 28-ноябры  №1/2

 

 Байзак айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө

Эсептөө комиссиясынын №4-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп,  Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эсептөө комиссиясынын Байзак айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын 28-ноябрындагы №4-протоколу бекитилсин.

2. Байзак айылдык кеңештин төрагасынын орун басары болуп Рысалиева Асель шайлангандыгы таанылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзомөлдөөнү өзүмө калтырамын.

Төрага

К. К. Качкынбаев