Редакцияот 05.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара–Гуз айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги үчүнчү сессиясынын (VIII шайланган) жыйналышы

 

2025-жылдын 5-февралы  №3/2

Кара-Гуз айыл  өкмөтүнүн  2024-жылдын бюджетинен  калдык акча каражатын  2025-жылдын  бюжетине кошумча  киргизүү  жөнүндө

 

Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинен калдык 3 179 224 сом акча каражатын 2025-жылдын бюджетине кошумча киргизүү боюнча депутаттардын Кара-Гуз айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2024-жылдан 3 179 224 сом акча каражаты айрым статьяларынан үнөмдөлгөн калган акча каражаты 2025-жылдын бюджетинин 3 179 224 сомго кошумча киргизип берүү Кыргыз Республикасынын Кара-Кулжа райондук финансы башкармалыгынан суралсын.

2.Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2024-жылдан 101 700 сом үнөмдөлүпм калган атайын төлөм каражаты, 2025-жылга атайын төлөм каражатынын калдыгы 101 700 сом кошуп берүү Кыргыз Республикасынын Кара-Кулжа райондук финансы башкармалыгынан суралсын..

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кара-Гуз айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссииясына жана Финансы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Арзибековго жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

 С.Ч. Абзаитов