Редакцияот 05.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги үчүнчү сессиясынын (VIII шайланган) жыйналышы

 

2025-жылдын 5-февралы  №3/4

Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн  Жаңы-Талаа айылынын тургуну Сыдыков Айбектин айылдык кеңешке жер сурап жазган  арызын кароо жөнүндө

 

Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн  Жаңы-Талаа айылынын тургуну Сыдыков Айбектин айылдык кеңешке Тар дарыясынын жээгинен  пайдаланылбай турган жараксыз таш жерден жер сурап жазган арызын жана өзүнүн билдирүүсүн  угуп жана талкуулап, Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин  сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.Жаңы-Талаа айылынын тургуну Сыдыков Айбекке Тар дарыясынын жээгинен пайдаланылбай турган жараксыз, таштак жерден өздөштүрүүгө Муниципалдык менчик үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилсин .

 

2.Жер участогуна болгон Мамлекеттик актысын даярдап жана Мамлекеттик каттодон өткөрүп берүү жагы Кара-Кулжа райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.

 

3.Жер участогуна болгон тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн жер ресурстары боюнча башкы адиси Б.Салиевге тапшырылсын.

 

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдинге милдеттендирилсин.

 

Төрага:

 С.Ч. Абзаитов