Редакцияот 29.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАНАС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Манас айылдык кеңештин I чакырылышынын I сессиясы

 

2024-жылдын 29-ноябры № 1/1

 

Айылдык кеңештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө

 

Эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 29-ноябрындагы №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен Манас айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эсептөө комиссиясынын Манас айылдык кеңештин төрагасын/ төрайымын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын 29-ноябрындагы №3-протоколу бекитилсин.

2. Артыкова Хурлука Шарабидиновна Манас айыл аймагынын айылдык кеңештин төрайымы болуп шайлангандыгы таанылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын. 

 

Төрага

 

М.Хасилов