Редакцияот 03.022025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАРЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ

                                                ТОКТОМ

2025-жылдын 3-февралы №34

АШК шайлоо комиссиясынын резервин түзүү  жөнүндө

 

          Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Алымбаевдин 27.01.2025-жылдагы аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүү, резервдик курамын толуктоо максатында Даркан айылынын жергиликтүү жамаатынын келип түшкөн кайрылуунун негизинде Сатиндиева Бактыгул Акынбаевнаны, Байкеева Асель Тыныбековнаны жана Узакбекова Самара Замирбековнаны АШК резервдик курамына киргизүүгө макулдук берүү боюнча  № 10/1 менен таанышып, талкуулап Жаргылчак жергиликтүү кеңеши  токтом кылат:

 

  1. Даркан айылынын тургундары Сатиндиева Бактыгул Акынбаевнаны, Байкеева Асель Тыныбековнаны жана Узакбекова Самара Замирбековнаны Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамына киргизүүгө макулдук берилсин.
  1. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Акматовго тапшырылсын.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.

 

  Төрага                                                                                           Т.К.Баякунов