ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 3-февралы №35
Айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин жылдык отчету
жөнүндө
Жаргылчак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевдин айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы, айыл аймагында жыл ичинде аткарылган иштери жана 2025-жылга иш-пландары, долбоорлору боюнча отчетун угуп, талкуулап Жаргылчак жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
- Жаргылчак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевдин айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы, айыл аймагында аткарылган иштер боюнча отчету “Канагаттандыраарлык” деп табылсын.
- Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Акматовго тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага Т.К.Баякунов