ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 3-февралы №37
Аймактагы муниципалдык ишканалары жөнүндө
Жаргылчак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн сунуштоосу менен “Алга” муниципалдык ишканасынан жайыт иштери боюнча комитетин “Жаңы Башат-Тазалык сервис” муниципалдык ишканасына которуу маселесин карап, талкуулап Жаргылчак жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
- Жаргылчак айыл аймагынын жайыт комитети “Алга” муниципалдык ишканасынан бөлүнүп, “Жаңы Башат-Тазалык сервис” муниципалдык ишканасына кошулуп иш жүргүзүүсүнө макулдук берилсин..
- Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Акматовго тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.
Төрага Т.К.Баякунов