Редакцияот 07.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2025-жылдын 7-марты №38

Жаргылчак айыл аймагында мүлк салыктарынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө.

 

Кыргыз  Республикасынын  Финансы министирлигине  караштуу  Мамлекеттик салык кызматынын  Жети-Өгүз району  боюнча  башкармалыгынын  РКнын Салык кодексинин  талаптарын  аткаруу, анын  ичинде  жергиликтүү салыктардын  өлчөмүн  бекитүү боюнча  сунуштарын  карап чыгуу,  Жаргылчак  жергиликтүү кеңешинин кезексиз сессиясы  токтом  кылат:

 

1.              2025-2027-жылдар  үчүн  Жаргылчак  айыл  аймагында мүлк  салыктарынын  өлчөмү төмөнкүдөй  өлчөмдө  бекитилсин:

1.1 Турак жай  имараты  үчүн мүлк  салыгынын  өлчөмү чарчы  метрине  2 кВ  эсептелсин.

1.2 Бекитилген ставка  2025-жылдын 1-январынан  баштап  эсептөөгө алына  турганы  эске алынсын.

 

2.Токтомду  веб-сайтка жарыялоо  жана  Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук  актылар  реестрине каттоо  кеңештин  жоопту катчысы  Н.У.Акматовго  милдеттендирилсин.

 

3.Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  Жаргылчак айыл  өкмөт  башчысы Б.А.Ургазиевге  тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                  Т.К.Баякунов

 

 

Ч.Телгозиева 0701019731