Редакцияот 07.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ

                                               ТОКТОМ

2025-жылдын 7-марты №40

“Алга” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Сатылгановдун кайрылуусу жөнүндө.

 

“Алга” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Сатылгановдун кайрылуусун карап чыгып таза суу жана сугат суу тарифин бекитүү максатында Жаргылчак  жергиликтүү кеңешинин кезексиз сессиясы  токтом  кылат:

1. Сугат суу төлөмү Даркан айылы  үчүн үлүш  жана өздөштүрүлгөн жерге  1га жер аянтына 520 (беш жүз жыйырма ) сом, корукчуга 1 га жер аянтына 80 сом болуп бекитилсин.

2. Сугат суу төлөмү Жеңиш  айылы  үчүн үлүш жана өздөштүрүлгөн жерге  1га жер аянтына 520 (беш жүз жыйырма ) сом, корукчуга 1 га жер аянтына 100 сом болуп бекитилсин.

3. Сугат суу төлөмү Ак-Терек, Кичи-Жаргылчак жана Чоң-Жаргылчак   айылдары  үчүн үлүш жана өздөштүрүлгөн жерге  1га жер аянтына 1000 (миң ) сом болуп бекитилсин.

 

Таза суу тарифи төмөнкүдөй бекитилсин:

1.1 Даркан айылы-1 кожолук 1250 сом жана 1 куб м3 32 сом.

1.2 Жеңиш айылы-1 кожолук -150 сом.

1.3 Ак-Терек айылы-1 кожолук -150 сом.

1.4 Кичи-Жаргылчак айылы -1 адамга - 45 сом.

2.Токтомду  веб-сайтка жарыялоо  жана  Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук  актылар  реестрине каттоо  кеңештин  жоопту катчысы  Н.У.Акматовго  милдеттендирилсин.

3.Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  Жаргылчак айыл  өкмөтүнүн  башчысы Б.А.Ургазиевге  тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                  Т.К.Баякунов

 

Ч.Телгозиева 0701019731