Редакцияот 07.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2025-жылдын 7-марты №48

  Ак-Терек таза суусун тартып келүүгө жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү  жөнүндө.

 

Жаргылчак айыл аймагынын Ак-Терек айылынын ичүүчү таза суусунун тартыштыгын эске алып, айыл тургундарына ичүүчү таза суунун жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесин жана айылдык кеңештин регламентин жетекчиликке алып, Жаргылчак айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:

 

1.Айыл тургундарына таза суунун жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында Бал-Челек участогунан Ак-Терек айылынын эски суу резервуарына чейин суу түтүгү менен тартылып келинсин.

 

2. Жергиликтүү бюджеттен 1 миллион сом акча каражаты суу тартып келүү иштерине жумшалсын.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын финансы-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Жаргылчак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге  милдеттендирилсин.

 

 

Төрага                                                                                                           Т.К.Баякунов

 

Ч.Телгозиева 0701019731