Редакцияот 06.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 ТОКТОМ

 

Уч -Коргон айылдык кеңешинин IX-чакырылышынын кезектеги 4- сессиясынын

 

2025-жылынын  6-февралы №4/1

 

«Үч-Коргон айылдык кеңешинин 2025-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө»

 

“Мыйзамдуулук жана сот-укук маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Турдиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги 4-сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.     Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин регламентинин 14-беренесине негиз 2025-жылга айылдык кеңештин бир жылдык иш-планы кабыл алынсын. (тиркеме тиркелет).

 

2.     Кабыл алынган иш-планга ылайык иш алып баруу айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына жана депутаттарына милдеттендирилсин.

 

3.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Үч-Коргон айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук жана сот-укук маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Турдиевге жүктөлсүн.

 

 

4. Токтом расмий жарыялангандан кийин юридикалык күчүнө кирет.

 

 

Төрага Таштанбай уулу Манас