Редакцияот 14.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

 АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын  депутаттарынын кезектеги 3-отуруму

 

2025-жылдын 14-январы  № 3/4

 Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен 16 330,6 миң сом калган калдык акча каражатын 2025-жылдын бюджетине иштетүү жөнүндө

 

Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 3-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2025- 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен калган калдык акча жылдын каражатын 2025-жылдын бюджетине иштетүү боюнча Гүлчө айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жана айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 20.10. 2021-жылдагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2- пунктунун негизинде

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата 2024-жылдан пайдаланылбай калган 16330,6 миң сом, анын ичинде бюджет эсебинде 12995,8 миң сом жана атайын каражаттар эсебинде 3334,8 миң сом калдык акча каражатын 2025-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча болуп киргизилсин.

2.Бюджетте каралган акча каражаттарын смета боюнча өз убагында мыйзамдуу, максаттуу жумшалышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Каныбек кызы Эркинайга милдеттендирилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айылдык кенешинин бюджет,экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага:

А.Б. Самиев