Редакцияот 28.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛУКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

Сүлүктү шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышы) кезексиз 1V сессиясы

 

2025-жылдын 28-марты № 01-5/22

 Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы “Муниципалдык менчиктеги турак жай фондусун бөлүштүрүү жана менчиктештирүү” боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

 

Сүлүктү шаарынын мэриясынын 07.02.2025ж. №01-7/306 сандагы Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы “Муниципалдык менчиктеги турак жай фондусун бөлүштүрүү жана менчиктештирүү” боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү  катына ылайык 09.07. 2013ж. №117 Кыргыз Республикасынын “Турак жай” Кодексинин                             12 – беренесинин 5 – пунктунун жана  14-беренесинин негизинде  Сүлүктү шаардык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Сүлүктү шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышы) кезексиз XXXXV сессиясында 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 212 токтому менен бекитилген Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы “Муниципалдык менчиктеги турак жай фондусун бөлүштүрүү жана менчиктештирүү” боюнча комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндөгү токтому кучун жоготту деп эсептелсин;
  1. Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы “Муниципалдык менчиктеги турак жай фондусун бөлүштүрүү жана менчиктештирүү” боюнча комиссиясы өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен төмөнкүдөй курамда бекитилсин: 

1.     Полотов А.А. – Сүлүктү шаарынын мэринин орун басары – комиссиянын төрагасы.

2.     Арстанбеков М.А. – Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин жетектөөчү адиси – комиссиянын катчысы.

Мүчөлөрү:

3.     Калакулов С.К. - Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин башчысы.

4.     Жолдошов Н.М. – Сүлүктү шаарынын мэриясынын жетектөөчү адиси - юрист.

5.     Мусаев А.К. – Кошбулак поселкалык аймактык башкармалыгынын башчысы.

6.     Мурзабеков Д.А. – Сүлүктү шаарынын шаар куруу жана архитектура боюнча башкармылыгынын башчысы.

7.     Исраилов А.П. - КР Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Сүлүктү-Лейлек филиалынын башкы жер адиси.

8.     Жалилов М.Ж. – Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы “Сүлүктү-Тазалык” МИнын жетекчиси.

9.     Акимов У.А .- шаардык кеңештин депутаты.

10. Юсупова О.Д. - шаардык кеңештин депутаты.

11. Узаков И.А. шаардык кеңештин депутаты.

12. Исканов М.И. – Сүлүктү шаардык оорулардын алдын алуу жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы.

13. Эрискулов А. – коомдук активист.

 

  1. Комиссиянын ишин тийиштүү мыйзамдарда каралган талаптарга ылайык жүргүзүлүүсүн көзөмөлдөө жагы шаардын мэринин орун басары А.А Полотовго милдеттендирилсин;
  1. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Б.А.Абдуназаров