Редакцияот 28.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сүлүктү шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышы) кезексиз IV сессиясы

2025-жылдын 28-марты №01-5/24

 Сүлүктү шаарынын Аксакалдар сотунун регламентин бекитүү жөнүндө

Сүлүктү шаардык мэриясынын 24.02. 2025ж. №01-7/439 сандуу Сүлүктү шаарынын Аксакалдар сотунун регламентин бекитүү жөнүндөгү катына ылайык Кыргыз республикасынын 19.02.2024ж. №52 “Аксакалдар соттору” жөнүндө Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 17.12.2024ж №01-25/342 буйругу жана буйрук менен бекитилген Аксакалдар сотторунун Типтүү Регламентинин негизинде   Сүлүктү шаардык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Сүлүктү шаардык Аксакалдар сотунун регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин

 

2.     Аксакалдар сотунун комиссиясына бекитилген регламентке ылайык иш алып баруу жагы милдендирилсин

3.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Мыйзамдуулук депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана  жергиликтүү жамааттар менен байланыш”  боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

Төрага:

 

Б.А.Абдуназаров

Сүлүктү шаардык кеӊешинин кезексиз IV сессиясынын                 28.03.  2025ж. №01-5/24 токтомуна тиркеме

 

Сүлүктү шаардык Аксакалдар сотунун

РЕГЛАМЕНТИ

 

                                                           I . Жалпы жоболор

 

            1. Бул Регламент Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Аксакалдар соттору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары – Мыйзам), Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына ылайык аксакалдар сотторунун ыйгарым укуктарын жүзөгө  ашыруу боюнча ишин уюштуруунун эрежелерин белгилейт.

            2. Аксакалдар соттору – ыктыярдуу жана жергиликтүү коомчулуктун колдоосунда, шайлануунун жана өз алдынча башкаруунун негизинде түзүлүүчү, Мыйзамда белгиленген тартипте жана учурларда жарандардын, жарандар менен юридикалык жактардын ортосундагы талаш-тартыштар жөнүндө иштерди (материалдарды) кароону жүзөгө ашырууга чакырылган коомдук орган.

3. Сүлүктү шаардык Аксакалдар соту Мыйзамда аныкталган тартипте Сүлүктү шаарынын аймагында жарандардын чечими боюнча уюштурулат.

4. Сүлүктү шаардык Аксакалдар сотунун ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, аталган Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары түзөт.

5. Сүлүктү шаардык Аксакалдар соту өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген, Кыргызстан калкынын тарыхый калыптанган салттарынан жана үрп-адаттарынан келип чыккан моралдын жана адеп-ахлактын ченемдерин жетекчиликке алат.

6.Сүлүктү шаардык Аксакалдар сотуна Мыйзам менен

            - жарандардын бузулган же талашып жаткан укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо же аларды жараштыруу;

            - мыйзамдуулукту бекемдөөгө, укук тартибин сактоого көмөктөшүү, социалдык чыр-чатактарды баштапкы этабында жоюуга катышуу;              

            - жарандарды мыйзамдарды, моралдын ченемдерин, адеп-ахлакты, Кыргыз Республикасынын элинин мыйзамдарга карама-каршы келбеген үрп-адаттарын жана салттарын урматтоого тарбиялоо милдеттери жүктөлгөн.

7. Сүлүктү шаардык Аксакалдар соту ушул Регламенттин 5-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттерди чечүүдө ынандыруу, коомдук таасир этүү, тараптарды жараштырууга жетишүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген адилеттүү чечим чыгаруу жолу менен иш алып барат.

8. Сүлүктү шаардык Аксакалдар сотунун актылары чечим жана аныктама түрүндө чыгарылат. Сүлүктү шаардык Аксакалдар соту каралган иштин маңызы боюнча чечим, ал эми териштирүүнүн жүрүшүндө чечүүнү талап кылган айрым маселелер боюнча  аныктама кабыл алат.

                 Чечимге аксакалдар сотунун төрагасы же төрагалык кылуучу кол коёт. Аныктама аксакалдар сотунун жыйыны учурунда кабыл алынса, аныктамага аксакалдар сотунун төрагасы же төрагалык кылуучу кол коёт, аныктама материалды аксакалдар сотунун жыйналышында кароого даярдоо учурунда кабыл алынса, аныктамага материалды аксакалдар сотунун жыйналышында кароого даярдоо жүргүзгөн аксакалдар сотунун мүчөсү кол коёт.

         9. Сүлүктү шаардык Аксакалдар сотунун чечимдери жана аныктамалары, аксакалдар сотунун жыйналыштарынын протоколдору аксакалдар сотунун төрагасы, аксакалдар сотунун мүчөлөрү менен макулдашуунун негизинде, аксакалдар сотунун иш кагаздарын жүргүзүүгө жооптуу болуп аныктаган аксакалдар сотунун мүчөсү (мындан ары – катчы) тарабынан таризделет.

 

II.Иштерди (материалдарды) кароого даярдоо

10. Сүлүктү шаардык Аксакалдар сотунун кароосуна келип түшкөн бардык материалдар (иштер жана арыздар) келип түшкөн күнү атайын журналга катчы тарабынан катталат.

11. Сүлүктү шаардык Аксакалдар соту иштерди (материалдарды) жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу катталган күндөн тартып 14 жумушчу күндө карайт.

12. Сүлүктү шаардык Аксакалдар сотунун төрагасы же төраганын тапшырмасы менен аксакалдар сотунун мүчөсү келип түшкөн иш (материалдар) менен 5 календардык күндүн ичинде алдын ала таанышып чыгып, Мыйзамдын 7, 19 жана 22-беренелеринин талаптарын эске алып, аксакалдар сотунун компетенциясына кирер-кирбесин, ушул ишти аксакалдар сотунун кароо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу жагдайлар бар же жок экендигин, олуттуулугу боюнча ишти кароо үчүн андагы материалдардын жетиштүүлүгү тууралу корутунду түзөт.