Редакцияот 28.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сүлүктү шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышы) кезексиз IV сессиясы

 

2025-жылдын 28-марты №01-5/27

“Сүлүктү-Тазалык” муниципалдык ишканасынын коммуналдык кызматтарды көрсөтүү үчүн  баа-тарифтерин бекитүү жөнүндө  

“Сүлүктү-Тазалык” МИ нын коммуналдык кызматтарды көрсөтүү үчүн 01.04.2025-жылдан тарта баа-тарифтерин көтөрүп беруу маселеси боюнча сунуштарды угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын  34 беренесинин негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Сүлүктү -Тазалык муниципалдык ишканасынын  коммуналдык кызматтарды көрсөтүү  үчүн баа-тарифтери 01.04.2025-жылдан баштап тиркемеге ылайык бекитилсин
  1. “Сүлүктү –Тазалык” муниципалдык ишканасынын коммуналдык кызматтарды көрсөтүү үчүн бекитилген баа-тарифтерин жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу Сүлүктү шаарынын калкына жеткирүү жагы  “Сүлүктү –Тазалык” муниципалдык ишканасынын башчысына милдеттендирилсин
  1. Токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестици я жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

Төрага:

 

Б.А.Абдуназаров

 

                                                                                                                                      

«МАКУЛДАШЫЛДЫ»                                                                              «БЕКИТЕМИН»

Сүлүктү шаарынын мэри                                                                                 Депутаттардын Сүлүктү

__________ Абдыжапаров Б.Ш.                                                                 шаардык кеңешинин торагасы                           «_____» _________ 2025-ж.                                                                           _________ Абдуназаров Б.А.

                                                                                                             «_____»___________2025-ж.

 

«Сүлүктү-Тазалык» муниципиалдык ишканасынын комуналдык кызматтарды көрсөтүү үчүн 01.04.2025-жылдан тарта баа-тарифтеринин прейскуранты.

 

№ к/н

Кызматтардын тизмеси

 өлчөө бир.

       Өлчөө наркы (сом)

 

1

2

3

                   4

1.

Жеке жана юридикалык жактардын өтүнүчү боюнча катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу.

1каттам

2818,0

2.

Жеке жана юридикалык жактардын өтүнүчү боюнча суюк калдыктарды чыгаруу

1каттам

4285,0

3.

 МТЗ-82/1, HYUHAI-HW60 үлгүсүндөгү эксковаторлордун көрсөткөн кызматы үчүн

1саат

1796,0

4.

Шаардын калкына катуу таштандыларды чыгаруу кызматы :

а) көп кабатуу үйлөргө

б) жеке үйлөр (жеке жана казарма тибиндеги үйлөр)

 

1киш. / 1жыл.

 1киш / 1жыл

 

348,0

372,0

5.

Соода түйүндөрдөн катуу таштандыларды чыгаруу

1м 3

280,0

6.

Иттерди атуу жана жаныбарларды чыгаруу:

а) шаа ичинде (атуу)

б) жеке жана юридикалык жактардан (өтүнүчү боюнча)

 

бирбаш

бирбаш

 

 

386,42

386,42

 

7.

Башка коммуналдык кызматтар ( мураска калган мүлктөргө Форма 50 маалым кат берүү ).

 

1даана

 

315,40

8.

Шаар тургундарына жана мекеме ишканаларына таза суу жеткируу

1каттам

2780,0

9.

Үй-бүлөнүн курамы жана жашаган жери жөнүндө маалым кат жана башка маалым каттарды каттоо жана берүү.

10,0

10,0

10.

Бассейн

   30 мүнөт

30,0

11.

Парктагы карусельдер жана мини атракциондорго  (электр энергиясы менен иштеген )

   5-7 мүнөт

30,0

 

Жетекчи

МИ «Сүлүктү-Тазалык»:                                               Жалилов М.Ж.

 

Башкы эсепчи:                                                 Мавланова Н.Т.