Редакцияот 13.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                        

 

Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 17-сессиясынын

 

2024-жылынын 14-майы №17/7

 

Козукеев Рахматиллага “АРДАКТУУ АТУУЛУ” наамын ыйгаруу жөнүндө

 

Үч-Коргон айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII  чакырылышынын  кезектеги 17-сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Маданият тармагындагы үзүрлүү эмгеги жана улуттук айтыш өнөрүн кыз-келиндер арасында эл аралык деңгээлде өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн Козукеев Рахматиллага,Үч-Коргон айыл аймагынын “АРДАКТУУ АТУУЛУ” наамы жана төш белгиси ыйгарылсын.

2. Токтом расмий жарыялангандан кийин юридикалык күчүнө кирет.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Үч-Коргон Айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага Таштанбай уулу Манас