Редакцияот 08.07.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

Жаны-Арык айылдык Кенешинин XXVIII-чакырылышынын V-кезексиз сессиясы

 

2022-жылдын 8-июлу № 10/1

Жаны-Арык айылдык кеӊешинин инвестиция тартуу, бюджет жана мандат туруктуу комиссиясынын аталышына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34, 36-беренелерин жетекчиликке алып, Жаны-Арык айылдык кеӊешинин инвестиция тартуу, бюджет жана мандат туруктуу комиссиясына этика маселелери боюнча иш алып баруу жагын кошумча жүктөө жөнүндө депутаттардын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык кенешинин V-кезексиз сессиясы, токтом кылат:

1. Жаны-Арык айылдык кеӊешинин инвестиция тартуу, бюджет жана мандат туруктуу комиссиясына этика маселелери боюнча кошумча милдет жүктөлүп, мындан ары инвестиция тартуу, бюджет, мандат жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссия болуп аталсын;

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

Төрайым:

М. Акматалиева