Редакцияот 24.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Ак-Терек  айыл аймагынын жергиликтүү  кеӊешинин

VIII чакырылышынын IV кезексиз сессиясы

2025-жылдын 10-марты  №44                                                                      

Ысык-Кѳл облусунун, Тоӊ районунун, Ак-Терек айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылындагы бир кѳчѳсүнѳ Уулу Ата Мекендик согуштагы чалгынчы болуп кызмат ѳтѳп, баатырларча курман болгон Асылкерим Осмоновдун ысымын ыйгаруу жѳнүндѳ

 

 

        Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2008-жылдын  19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген  “Мамлекеттик маанидеги объектерге ат берүү жана атын ѳзгѳртүү тартиби тууралуу” Жобонун негизинде жана Кызыл-Туу айылынын тургундарынын жалпы чогулушунун протоколу, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининдепутаттык этика, регламент жана мандат, социалдык маселелер, жаштар, спорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча комиссиянын сунушун угуп,талкуулап  Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши токтом кылат:

                                                                                  

1.      Ысык-Кѳл облусунун, Тоӊ районунун, Ак-Терек айыл аймагына караштуу  Кызыл-Туу айылындагы бир кѳчѳсүнѳ Уулу Ата  Мекендик согуштагы чалгынчы болуп кызмат ѳтѳп, баатырларча курман болгон  Асылкерим Осмоновдун ысымы  ыйгарылсын. 

2.     Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл    

ѳкмѳтүнүн  башчысы Зарнаев  Жыргалбек Жакшылыковичке милдеттендирилсин.

3.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттык этика, регламент жана мандат, социалдык маселелер, жаштар, спорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнчатуруктуу комиссиянынтөрайымы А.Кендирбаевага  тапшырылсын.

Төрага                                                                                                    С. Эркинбек уулу