Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VII СЕССИЯСЫ
(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 16-апрели № 26
Ош шаарынын мэриясынын шаардагы автотыгындарды азайтуу жана жүргүнчүлөрдү сапаттуу тейлөө боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэринин орун басары С.Джунусбаевдин Ош шаарынын мэриясынын шаардагы автотыгындарды азайтуу жана жүргүнчүлөрдү сапаттуу тейлөө боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө маалыматын угуп, талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын 2025-жылдын 25-мартындагы №6 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаарынын мэриясынын шаардагы автотыгындарды азайтуу жана жүргүнчүлөрдү сапаттуу тейлөө боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө Ош шаарынын мэринин орун басары С.Джунусбаевдин маалыматы эске алынсын.
2.Ош шаарынын мэриясына (Ж.Токторбаев);
-Ош шаарынын аймагында автотыгындарды жоюу максатында реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп жаткан А.Мамыров, Амир-Темир, Көкүм-Бий, А.Шакиров-Ы.Монуев-А.Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги эки деңгээлдүү жолдорду жана башка жолдорду кеңейтүү иштери ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлсүн;
-Белгиленбеген жерлерге токтотулган автоунааларды Ош шаардык ИИБнин милициянын кайгуул кызматынын айып короо жайларына жеткирүү иштерин илгерилетүү үчүн эвакуатор кызматын уюштуруу боюнча чараларды көрүү;
-Шаар аймагына күн чыгыш тарабынан кирүүчү автоунаалар үчүн шаарга кирбей айланып өтүүчү жолдорду куруу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар жана башка тиешелүү кызматтар менен биргеликте зарыл чараларды көрүү;
-Шаардын негизги жана ички көчөлөрүндөгү ылдамдыкты азайтуу үчүн коюлган жасалма курулмаларды тактап чыгып, аларды алып салып, ордуна жол белгилерди коюу, же эл аралык стандартка ылайык резиналуу ылдамдыкты азайтуучу жасалма курулмаларга алмаштыруу;
-Ош шаарында “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын 2025-жылы ишке киргизүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү;
-Шаардык коомдук транспорттун белгиленген аялдамаларда гана токтоосун камсыз кылуу, айдоочулардын транспорттук тартипти так сактоосун, жүргүнчүлөргө талап даражасында кызмат көрсөтүүсүн жана каттамдардын өз убагында жүрүүсүн камсыздоо багытында тиешелүү иштерди күчөтүү;
-Шаардагы автобустардын, кичи автобустардын маршруттук схемасын карап, бири-бирин кайталаган маршруттук линияларды жоюу, жүргүнчүлөрдү бир автоунаадан экинчи автоунаага которулуу жолу менен жүрүү боюнча түшүндүрүү иштерин алып баруу;
-2025-жылдын аягына чейин муниципалдык коомдук транспорттордо (автобус, троллейбус) жол акыны накталай эмес электрондук түрдө төлөө системасын тездетип ишке ашырууну камсыз кылуу милдеттендирилсин.
3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энегетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Т.Исаев) жүктөлсүн..
Төрага: | Б.Т. Баетов |