Редакцияот 01.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ V СЕССИЯСЫ (VI1 чакырылыш)

2025-жылдын 1-апрели № 4

                                                                                 

Раззаков шаарынын Восточная биринчи көчөсүнө акын К.Сабыровдун ысымын ыйгаруу жөнүндө.

Раззаков шаарынын мэриясынын “Раззаков шаарынын Восточная биринчи көчөсүнө акын К.Сабыровдун ысымын ыйгаруу жөнүндө” сунушун угуп жана талкуулап Исфана (азыркы Раазаков) шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 27-февралындагы № 2/5 токтому менен бекитилген “Исфана шаарынын аймагындагы маданий билим берүү жана ушул сыяктуу обьектилердин аталыштарын берүү жана жаңыча аталыш берүү жөнүндө” Жобосуна ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

                                          

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

  1. Раззаков шаарынын Восточная биринчи көчөсүнүн аты өзгөртүлүп акын Курбаналы Сабыровдун ысымы ыйгарылсын.
  1. Тийешелүү иш-кагаздарын Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына ылайык жүргүзүү жагы  Раззаков шаарынын мэри А.С.Жоробаевге милдеттендирилсин.
  1. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

С.А.Саматов