Загрузка документа…
КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-сессиясынын отуруму
2025-жылдын 25-марты № 29
“Кулунду-Коммуналдык” муниципалдык ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 27-жана 34-беренелерине ылайык Кулунду айылдык кеңешинин кезектеги VI-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, VI-сессиясынын отурумунун №6-протоколунун чечиминин 2-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Төраганын у.м.а. | С.А.Надырова |
№29 токтомго тиркеме
БЕКИТИЛДИ
Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысы________Э. М. Жороев “___”________2025-жылдын №____буйругу
«КУЛУНДУ-КОММУНАЛДЫК» МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАСЫНЫН УСТАВЫ
«Кулунду-Коммуналдык» муниципалдык ишканасынын Уставы
§ 1. Жалпы жоболор
1. Бул Устав Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана "Кулунду-Коммуналдык" муниципалдык ишканасынын (мындан ары – «Ишкана») ишмердүүлүгүн жөнгө салат.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, жергиликтүү кеңештин ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле ушул Уставга таянат.
3. Ишкананын уюштуруучусу болуп: Кулунду айыл өкмөтү (мындан ары – «Кулунду А/Ө») саналат. Ишкана түздөн-түз Кулунду айыл өкмөтүнө баш ийет.
4. Ишкананын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кулунду-Коммуналдык" муниципалдык ишканасы;
- расмий тилде: муниципальное предприятие «Кулунду-Коммунальшик».
Компаниянын кыскартылган аталышы:
- "Кулунду-Коммуналдык" МИ;
- МП "Кулунду-Коммуналдык".
5. Ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Баткен областы, Лейлек району, Кулунду айыл аймагы, Ленин көчөсү 56
6. Ишкана чарба жүргүзүү укугуна негизделген, ишкананын (коммерциялык уюмдун) уюштуруу-укуктук формасында иш алып барган өз алдынча чарба жүргүзүүчү субъект, юридикалык жак болуп саналат.
7. Ишкана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып юридикалык жактын укуктарына ээ болот.
8. Ишкана Кыргыз Республикасынын банктарында белгиленген тартипте учурдагы эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
9. Ишкана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары жана башка буюмдарга ээ.
10. Ушул Уставда жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
11. Ушул Уставдын мазмуну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине карама-каршы келген учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдери колдонулат.
12. Ишкана өзүнүн ишмердүүлүгүнүн белгиленген максаттарына жетүү үчүн өз атынан бүтүмдөрдү түзүүгө, келишимдерди түзүүгө, сотто доогер жана жоопкер болууга укуктуу.
§ 2. Ишкананын максаттары жана милдеттери