Загрузка документа…
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ VI СЕССИЯСЫ (VII чакырылыш)
2025-жылдын 03-апрели № 2
Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жыйымдын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Раззаков шаарынын мэриясынын “Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жыйымдын өлчөмүн бекитүү жөнүндө” сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамына ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жыйымдардын өлчөмү тиркемеге ылайыкбекитилсин. (Тиркеме тиркелет)
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | C.А.Саматов |
Раззаков шаардык Кеңешинин
2025-жылдын 3-апрелиндеги
№2 токтому менен бекитилген
Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жыйымдын өлчөмү
№ | Малдын турлөру | 2025-жылга эсептелген малдын саны | Которуу коэффице нти | Шартуу малдын саны | Мал башына эсептелген жайыт акысы |
| Жеке чарбада багылуучу жана базарга сатылуучу мал саны (болжолдуу) | ||
Мал башына | Жалпы суммасы | Сырттан келген мал башына | Жеке чарбада | Базарга | |||||
1 | ИИМ | 7387 |
| 7387 | 100 | 738700 | 500 | 1056 | 305 |
2 | МММ
| 29090 |
| 29090 | 30 | 872700 | 100
| 4200 | 9700 |
3 | Жылкы | 601 |
| 601 | 200 | 120200 | 1000 |
|
|
4 | Козу | - | - | - | 10 |
| 70 | - | - |
| Баардыгы |
|
|
| 1731600 |
|
|
| |
Раззаков шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы З.Н.Туяков