Редакцияот 28.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Мады айылдык кеңешинин VIII –чакырылышынын IV кезектеги сессиясы

 

2025-жылдын 28-январы № 4/4

 

“Мады-Тазалык муниципалдык ишканасынын 2024-жылы аткарылган иштери боюнча маалыматы жана турмуш тиричилик катуу калдыктарын ташып чыгаруу, жок кылуу боюнча тарифин кароо жана бекитүү”

 

 

Мады-Тазалык муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н.Пазыловдун маалыматын жана 2025-жылдын 27-январындагы айылдык кеңештин жалпы туруктуу комиссилардын кошмо отурумунун чечиминин, “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II-бөлүмүнүн 3-главасынын 34-беренесинин негизинде Мады айылдык кеңеши угуп жана талкуулап токтом кылат:

1. Мады-Тазалык муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н.Пазыловдин 2024-жылы аткарылган иштери боюнча берген маалыматы эске алынсын.

2. Мады-Тазалык муниципалдык ишканасынын турмуш тиричилик катуу калдыктарын ташып чыгаруу, жок кылуу боюнча тарифи төмөндөгүдөй бекитилсин:

 

№

Мазмууну

1 айга (сом)

Каржылоочу

1

Жеке үйлөр

150

Ар бир кожолук төлөйт

2

Мектептер

500

Айыл өкмөтүнүн бюджетинен

3

Бала бакчалар

500

Айыл өкмөтүнүн бюджетинен

4

Азык-түлүк дүкөндөрү

500

Дүкөн ээси өзү

5

Коомдук тамактануучу жайлар

800

Кафе, чайкана ээлери

6

Навайканалар

300

Ээси төлөйт

7

Мончолор

1000

Ээси төлөйт

8

Айыл аймагындагы Ош-Бишкек, Ош-Алай жолдору

8000

Айыл өкмөтүнүн бюджетинен

9

Чачтарачканалар

200

Ээси төлөйт

10

АЗС (май куючу жайлар)

200

Ээси төлөйт

11

Дарыканалар (аптекалар)

200

Ээси төлөйт

12

Май алмаштыруучу жайлар

600

Ээси төлөйт

13

Унаа жуучу жайлар (авто мойка)

500

Ээси төлөйт

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жаштар иштери, спорт, маданият, билим, социалдык маселелер боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

К.С.Темирбаев

 

 

 

 

 

йылдык