Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХIХ кезектүү отуруму

 

2024-жылдын 19-январы № 96

 

Мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын 29.11.2023-жылдагы №22-1-12/8782 сандуу көрсөтмөсүн кароо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын салык кодексинин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктун жетекчиликке алып Мамалекеттик салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын 29.11.2023-жылдагы №22-1-12/8782 сандуу көрсөтмөсүн кароо жөнүндөгү маселени финансы, бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы, алдын ала карап, Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХIХ кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги маселени угуп, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Куршаб айыл аймагынын экономикалык-пландоонун аймактык коэфициенти К 1,3ге барабар деп кабыл алынсын.

3. Айыл чарба багытында эмес жер салыгынын эсептөө жана кыймылсыз мүлктүн 1-2-3-топтогу обьектилерине салык чегерүү 2024-жылдын январынан тартып күчүнө кирсин

4. Куршаб айыл өкмөтүнүн аймагындагы мүлк салыктары жергиликтүү бюджетин эсебинде калтырылсын.

5. Токтомду мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин бюджет, финансы,экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага:

 

Жумаев Б.Э.