Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХIХ кезектүү отуруму

 

2024-жылдын 19-январы № 97

 

Куршаб айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 12 айга карата аткарган иштери жана отчету жөнүндө

 

Куршаб айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 12 айга карата аткарган иштери жана 2024-

жылга бюджет бекитуу жөнүндөгү маселени КР Бюджет Кодексинин 78-берене 4-пунктуна жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине 2 пунктуна ылайык Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Эралиев Кутман Арзыевичтин отчетун Куршаб айылдык кеңешинин бюджет, финансы, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы менен биргеликте алдын ала карап, алардын сунуштарынын негизинде Куршаб айылдык кенешинин (жетинчи шайланган) ХIХ кезектеги отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Куршаб айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 12 айына карата аткарган иштери боюнча отчету жана бюджетинин кирешелер булагы 48718,4 миң сомго жана чыгашалар бөлүгү 52693,4 миң сомго аткарылып канааттандырарлык деп табылсын.

2. Ушул токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин бюджет, финансы, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага:

 

Жумаев Б.Э.