Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХIХ кезектүү отуруму

 

2024-жылдын 19-январы № 98

 

Куршаб айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө

 

Куршаб айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетин бекитүү жөнүндөгү маселени КР Бюджет Кодексинин 102- берене жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2 пунктуна ылайык Куршаб айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Байматов Таланттын маалыматын Куршаб айылдык кеңешинин бюджет, финансы, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы менен биргеликте алдын ала карап, алардын сунуштарынын негизинде Куршаб айылдык кенешинин(жетинчи шайланган) ХIХ кезектеги отуруму

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

1. Куршаб айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетинин кирешелер жана чыгашалары 48397,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин жана тармактар боюнча төмөнкүдөй бөлүнсүн.

Айыл өкмөтүнүн аппаратына - 13110,1 миң сом

Айылдык кеңештин аппаратына -1205,5 миң сом

Айыл чарба бөлүмүнө – 1490,0 миң сом

Жайыт бөлүмүнө - 365,0 миң сом

Коммуналдык чарба бөлүмүнө – 14985,0 миң сом

Китепкана -722,4 миң сом

Маданият бөлүмүнө – 2318,9 миң сом

Балдар бакчаларына – 4523,1 миң сом

Орто мектептерге – 3595,3 миң сом

Социалдык жардам бөлүмүнө – 700,0 миң сом

Таңатаров мектеп гимн. тамак-ашына - 350,0

Башталгыч мектеп - 32,0 миң сом

Жыйынтыгы: - 43397.3 миң сом

Атайын каражаттар эсебинен:

- Балдар бакчасы -4600,0 миң сом

- Интернат гимназия - 400,0 миң сом

Жыйынтыгы: - 5000,0 миң сом

Жалпы жыйынтык: - 48397,3 миң сом

2. Кыргыз республикасынын 8-июль 2013-жылдагы № 403 токтомунун негизинде Куршаб айыл өкмөтүнүн аппаратынын 22 штат бирдиги, 2 айылга 2 айыл башчы штатты жана 5 штат аскердик каттоо бөлүмүнө, жалпысынан 29 штат бирдиги каралсын.

3. Кыргыз Республикасынын негизги укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү мыйзамынын 21-беренсине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 483,9 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2024-жылга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондко чегерүү, дары-дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр), коммуналдык кызматтар (көмүр, суу, тамак аш) боюнча жүзөөгө ашыруу сунушталсын.

5. Казына системасынан четтеп өттүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражат 100 пайызы жергиликтүү бюджетинин кирешесине алынсын.

6. Көчөлөргө шагыл төгүү, мамычаларды алуу жана орнотуу, көмүр сатып алуу асфальт басуу ички каналдарды тазалоо максаттуу жана эффективдүү пайдаланышын көзөмөлдөө үчүн атайын убактылуу комиссия түзүлсүн.

7. Комиссия курамы айыл өкмөттөн, депутаттардан жана кызыктар тараптан түзүлсүн. Комиссия мүчөлөрү мыйзам чегинде критерий иштеп чыгышсын, критерийдин негизинде чечим чыгарылсын жана комиссиянын чечиминин негизинде ишке ашырылсын.

8. Жолдорго асфальт басуу долбоорлорун түзүүдө, ишке ашырууда «Таза суу» долбоору 2023-2024-жылдары ишке ашып жаткандыгына байланыштуу келечектүүлүгүн, экономдуулугун, туруктуулугун эффективдүүлүгүн эске алуу максатында сүйлөшүү жана макулдашуу жолу менен ишке ашырылсын.

9. Куршаб тазалык ишканасына жарыктандырууну камсыз кылуу максатында оңдоо, түзөө жумуштары, көчөлөрдөгү тазалыкты сактоо, акыр чикир тазалоо ташуу жана ит атуу жумуштары күнүмдүк муктаждыкты жараткандыгы үчүн акча каражаты келишимдин негизинде түздөн-түз которуу жолу менен ишке ашырылсын жана өкмөттүн буйругу менен атайын комиссия түзүлсүн, текшерүүгө алынсын.

10. Ар бир куруу жумуштарына, оңдоп түзөөгө жана сатып алуулардын мыйзамдуулугун, сапатын, келечектүүлүгүн, туруктуулугун камсыз кылуу максатында түзүлүүчү келишимдин шарттары, талаптары мыйзам чегинде коп тараптуу жакшы иштелип чыгылсын жана кесипкөй адистерден мониторингдик комиссия түзүлсүн жана өз мөөнөтү менен текшерип туруу жагы милдеттендирилсин.

11. Айланма кассалык калдык (оборотный кассовый наличность) айыл өкмөтүнүн бюджетти боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2024-жылдын 1-январына карата 50 000 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.

12. Куршаб айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2024-жыл үчүн жалпы киреше 550 000 (беш жүз элүү миң) сом өлчөмүндө бекитилсин. Куршаб жайыт пайдалануучулардан түшкөн жалпы бюджеттик пландагы акча каражатынын үчтөн бир бөлүгү айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине бөлүнүп берилсин. Донордук уюмдар менен иш жүргүзүп жаткандыгына байланыштуу Куршаб жайыт комитетине инфраструктурасын өнүктүрүүгө, ондоого, жолдорду оңдоп түзөөгө жана жайыт рационун байытуу үчүн которулуп берилсин. Казына системасын четтеп өтүү менен каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын.

13. Жайыт комитетинин чыгашаларын каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелерге: эмгек акы, соцфонд, салыктарга чегерүү сунушталсын.

14. Ушул токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

15.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин бюджет, финансы, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага:

 

Жумаев Б.Э.