Редакцияот 20.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХХ кезексиз отуруму

 

2024-жылдын 20-марты № 103

 

Жайыт комитетинин 2023-жылга аткарган иштерин жана 2024-жылга иш планын кароо жөнүндө

 

Куршаб айыл аймагындагы жайыт комитетинин 2023-жылда аткарган иштери, бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету, 2024-жыл үчүн өнүгүү планын жана жайыт жерлерин мыйзамсыз тарифтик өлчөмүн, бекитүү жөнүндөгү маселелерди угуп, карап талкуулап чыгып КР жайыт мыйзамынын негизинде Куршаб айылдык Кеңешинин (жетинчи шайланган) ХХ кезексиз отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жайыт комитетинин 2023-жылда аткарган иштери, бюджетинин аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.

2. Жайыт комитетинин башчысы Б. Турдубаевге жайыт пайдалануучулар бирикмесинин уставына жана бекитилген пландарга ылайык иш жүргүзүү менен тийиштүү отчётторду берип туруу жагы милдеттендирилсин.

3. Куршаб айыл аймагындагы жайыт жерлерин мыйзамсыз пайдаланып жаткан жарандарга тосуп алгандыгы үчүн айып пул төлөө менен тосуп алган кашаалары алынып жалпы жайыт пайдаланууга берилсин.

4. Токтомду аткаруу жагы Куршаб жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана Куршаб айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык кеңешинин Айыл чарба, суу чарба,мелорация,экология,ветеринардык кызмат жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

 

Жумаев Б.Э.