Редакцияот 20.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХХ кезексиз отуруму

 

2024-жылдын 20-марты № 104

 

Куршаб айылдык кеңешинин 2024-жылга иш планын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына жана Куршаб айылдык кеңешинин регламентине ылайык Куршаб айылдык кеңешинин 2024-жылга иш планын бекитүү жөнүндө маселени айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын иш планынын негизинде алдын ала карап, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХХ кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Куршаб айылдык кеңешинин 2024-жылга иш планы атайын тиркемеге ылайык бектилсин.(тиркеме тиркелет)

 

2. Бекитилген Куршаб айылдык кеңешинин 2024-жылга иш планын өз мөөнөтүндө аткаруу жагы Куршаб айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

 

Жумаев Б.Э.

 

 

 

 

 

 

Куршаб айылдык кеңешинин 2024-жыл үчүн иш планы

№

Иш чаранын мазмуну милдеттер

 

Аткаруу

мөөнөтү

Аткаруучулар, жооптуулар, иш- чаралар

Баяндамачылар

1.

Айылдык кеңештин 2024-жыл үчүн иш планын бекитүү

2024-жыл

1-квартал

Айылдык кеңештин төрагасы жана айылдык кеңештин жооптуу катчысы

жооптуу катчы

2.

Куршаб айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн 2024-жыл үчүн программасын (иш планын) бекитүү.

2024-жыл 1-квартал

Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы.

 

Айыл өкмөт башчысынын орун басары

3.

Куршаб борбордук базардын айыл тургундарын сапаттуу тейлөөдө жүргүзгөн иштери жана базар айланасында автоунаа токтоочу жайлардын мыйзамдуулугу жөнүндө(келишимдерин карап чыгуу)

2024-жыл,

1-квартал

Мыйзамдуулук,укук,тартипти чыңдоо, Регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясы, Куршаб айыл өкмөтү

Айыл өкмөт башчысынын орун басары

4

Жазгы талаа иштерин дан эгиндерин өз убагында эгүүнү камсыз кылуу максатында уюштуруу

2024-жыл,

1-квартал

Айыл чарба, суу чарба,мелорация, экология, ветеринардык кызмат жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясы, Куршаб айыл өкмөтүнүн жер адиси.

Куршаб айыл өкмөтүнүн жер адиси

5.

Куршаб айыл аймагындагы маданият үйүнүн, китепкананын, калкты тейлөөдөгү, ишмердүүлүгү жана өнүктүрүү планы

2024-жыл

2-квартал

«Билим берүү,саламаттыкты сактоо,социалдык маселелер (тил,каада-салт,дин) боюнча туруктуу комиссия»,айыл өкмөттүнүн соцадиси

 

Маданият үйүнүн жетекчиси, А.Сүйүнбаев атындагы балдар музыкалык мектебинин директору

6.

Бюджеттин 2024-жылдагы кирешелер жана чыгашалар боюнча 6 айлык планынын аткарылышы жөнүндө

2024-жыл,

 июль

Финансы-бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссия, Куршаб айыл өкмөтүнүн ФЭБбашчысы-башкы эсепчи)

Куршаб айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы башкы эсепчи)

 

7.

Куршаб айыл аймагында жайгашкан почта, телеком, РЭТтин бөлүмчөлөрүнүн аткарып жаткан иштери жана алдыдагы милдеттери

2024-жыл,

1-4-кв-л

Энергетика, транспорт, байланыш,таза суу, комуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясы: Мыйзамдуулук, укук,тартипти чыёдоо, Регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясы:

Айыл өкмөт башчысынын орун басары почта, телеком, РЭТтин бөлүмчөлөрүнүн башчылары

8.

Коомдук бюджеттик угууларды өткөрүү, депутаттык окууларды өткөрүү

Жыл ичинде,

 1-кв-га

Кеңештин төрагасы,Финансы, бюджет,экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча»туруктуу комиссия, Куршаб айыл өкмөтү

Айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары, айылдык кеңештин жооптуу катчысы

9.

Жарандардын кайрылууларына ылайык тейлөөлөр (жол оңдоо, ичкен суу, таштанды чыгаруу жана жашылдандыруу,жарык менен камсыз дандыруу ж.б.)боюнча депутаттык угууларды өткөрүү (депутаттык саат, депутаттык күн), протоколдук тапшырмалардын аткарылуу жүрүшүн ж.б. маселелерди коргоо жана алар

боюнча чечимдерди кабыл алуу

Жыл ичинде

Туруктуу комиссиялардын төрагалары

Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары, айылдык кеңештин жооптуу катчысы

 

10.

Депутаттардын атуулдук коомдордун активдери менен тегерек столдо жолугушуусун уюш-

туруу

Жыл ичинде

 

Кеңештин төрагасы, туруктуу комиссиялар

Айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары, айылдык кеңештин жооптуу катчысы

11.

Депутаттардын шайлоочулар менен жолугушуусу (отчету)

Жылына кеминде

бир жолу

Кеңештин төрагасынын орун басары,туруктуу комиссиялар

Айыл башчы, депутаттар.

12.

Айыл өкмөтүнүн жылдык отчетун элдик курултайда угуу

Жылына бир жолу

Кеңештин төрагасы,

Айыл өкмөтүнүн башчысы

Айыл өкмөтүнүн башчысы

13

Куршаб айыл аймагында жайгашкан ДЭП- 956 ишканасынын айыл өкмөтүнө тийиштүү жолдорду оңдоп түзөөдө жасаган,көмөктъшкөн иштери жөнүндө

2024-жыл,

1-4-кв-л

Мыйзамдуулук,укук,тартипти чыңдоо, Регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясы: Айыл өкмөт башчысынын орун басары.

ДЭП- 956 ишканасынын жетекчиси

14

Мектеп, бала-бакчалардагы тамак берүүнүн абалы, санитардык нормалардын сакталышы боюнча

2024-жыл

1-2кв-тал

Мыйзамдуулук,укук,тартипти чыңдоо, Регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясы: «Билим берүү,саламаттыкты сактоо,социалдык маселелер (тил,каада-салт,дин) боюнча туруктуу комиссия»,айыл өкмөттүнүн соцадиси

Куршаб айыл өкмөтүнүн соц адиси

15

Куршаб айыл аймагындагы жашаган элди көрктөндүрүү, жашылдандырууга, арыктарды тазалап казуу, айлана-чөйрөнү тазалоо боюнча ишембиликтерди уюштурууну жолго коюу боюнча

2024-жыл

2-квартал

Куршаб айылдык кеңештин депутаттары, Куршаб айыл өкмөтү

Айыл өкмөт башчысынын орун басары

16

Жетинчи чакырылыштагы Куршаб айылдык кеңеши тарабынан кабыл алган чечимдеринин аткарылышы жөнүндө

2024-ж

Ар кварталда

Туруктуу комиссиялардын төрагалары Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары, Кеңештин жооптуу катчысы

Куршаб айыл өкмөтү

17

Куршаб айыл аймагына караштуу үрөөнчүлүк чарбалардын «Алтын Дан, К.Чаргынов атын.) 2024-жылдын жазгы, күзгү айдап себүүгө айыл тургундарын сапаттуу үрөөн менен камсыз кылууда аткарып жаткан иштери жөнүндө

2024-жыл,

1-квартал

Айыл чарба, суу чарба, мелорация,экология,ветери-

нардык кызмат жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясы

 

 

Куршаб айыл өкмөтүнүн жер адиси

 

18

Жайыт комитетинин 2023-жылда аткарган иштери жана бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету жана 2024-жыл үчүн бюджетин жана иш планын бекитүү жөнүндө Жайлоого кетүүчү мал жандыктар үчүн тарифтик өлчөмүн бекитүү

 

 

2024-жыл,

1-квартал

Энергетика, транспорт, байланыш, таза суу, комуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясы:

 

Финансы бюджет, эконмикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссия

Мыйзамдуулук, укук,тартипти чыңдоо, Регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясы:

Айыл өкмөттүн жайыт боюнча адиси

19

Мал жандыктарды алдын ала эмдөө жана ветеринардык көзөмөлдүн өткөрүү боюнча тарифтик өлчөмдөрүн бекитүү

2024-жыл,

1-квартал

Айыл чарба, суу чарба, мелорация,экология,ветеринардык кызмат жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясы

Куршаб айыл өкмөтүнүн ветадиси

20

Куршаб айыл аймагынын калкын таза суу менен камсыз кылуунун абалы «Куршаб таза-суу» Куршаб тазалык коммуналдык чарбанын, Куршаб СПА муниципалдык ишканаларынын Куршаб айыл өкмөтүнүн тургундарын тейлөөдө көрсөтүп жаткан иштерин таза суу менен камсыз кылууда 2023-жылда аткарган иштери, жыл ичинде финансылык кыймылы киреше, чыгаша жана 2024-жылда аткарылуучу иш чаралар жана алдыдагы милдеттер жөнүндө отчету

2024-жыл,

1-4-кв-л

Энергетика, транспорт, байланыш,таза суу, комуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясы

Ишканалардын жетекчилери

21

Өзгөн РИИБнин Куршаб аймактык милиция бөлүмчөсүнүн жана Куршаб айыл өкмөтүнүн коомдук алдын алуу борборунун Куршаб айыл аймагы боюнча 2023-2024-жылда кылмыштуулукту алдын-алуу,коомдук тартипти сактоо

боюнча жүргүзүп жаткан иштери жана алдыдагы милдеттери

2024-жыл

2-4- кв-л

Мыйзамдуулук,укук,тартипти чыңдоо, Регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясы: Кеңештин төрагасынын орун басары, жооптуу катчы. Туруктуу комиссиянын төрагалары

 

Куршаб аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы

22

 

Куршаб айыл аймагынын тургундарынын паспорт менен камсыз кылууда Өзгөн райондук паспорт жана виза каттоо бөлүмүнүн Куршаб бөлүмчөсүнүн жүргүзүп жаткан иштери жөнүндөгү отчету

 

Жыл

 ичинде

Мыйзамдуулук,укук,тартипти чыңдоо, Регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясы: Кеңештин төрагасынын орун басары, жооптуу катчы. Туруктуу комиссиянын төрагалары

 

Паспорт жана виза каттоо бөлүмчөсүнүн башчысы

23

Айылдык кеңештин депутатынын жана кеңештин туруктуу комиссияларынын ишмердүүлүгү жана алдыдагы милдеттери жөнүндө.Эгерде зарылдык жаралса депутатын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

2024-жыл

4-квартал

Мыйзамдуулук,укук,тартипти чыңдоо, Регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясы: Кеңештин төрагасынын орун басары, жооптуу катчы. Туруктуу комиссиянын төрагалары

 

Кеңештин төрагасынын орун басары, жооптуу катчы

24

Бюджеттин 2024-жылдагы кирешелер жана чыгашалар боюнча 9 айлык планынын аткарылышы жөнүндө

2024-жыл,

 Сентябрь

Финансы-бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссия, Куршаб айыл өкмөтүнүн ФЭБбашчысы-башкы эсепчи)

Куршаб айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлү-

мүнүн башчысы башкы эсепчи)

 

25

Саламаттыкты сактоо мекемелеринин: Ж.Токторбаев атындагы Куршаб ооруканасынын жана «Куршаб ҮБД»борборунун калкты тейлөөдө аткарып жаткан иштери жөнүндө

2024-жыл,

2-4-кв-л

Билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият каада салт, дин, тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы:

 

Айыл өкмөтүнүн соц адиси,

26

Социалдык тармактагы мекемелердин жаңы окуу жылына жана кышка даярдыгы жөнүндө

2024-жыл,

3-квартал

Билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият каада салт, дин, тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы:

Айыл өкмөтүнүн соц адиси,

27

Куршаб айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча бекитүү

2024-жыл

декабрь

Куршаб айыл өкмөт башчы, айылдык кеңештин финансы бюджет боюнча туруктуу комиссиясы, башкы эсепчи

Куршаб айыл өкмөтү

28

Куршаб айыл аймагындагы ветсервистердин ишмердүүлүгү жөнүндө

2024-жыл,

3-квартал

Айыл чарба, суу чарба, мелорация, экология, ветеринардык кызмат жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясы:

Ишкананын башчылары

 

Куршаб айылдык кеңешинин катчысы: Токтобаев А.