Редакцияот 20.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХХ кезексиз отуруму

 

2024-жылдын 20-марты № 105

 

Мамлекеттик фондунун сугат жерлерине ижара акысынын коэфициентин бекитүү

 

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2023-жылдын 28-мартындагы №12 буйругуун жана 2023-ылдын 15-декабрындагы №416 санду буйругунун Мамлекеттик фондунун сугат жерлерине ижара акысынын коэффициентерин белгилөө боюнча комиссиянын 2024-жыл 6-февралындагы №15 протоколунун негизинде Куршаб айыл аймагына караштуу Мамлекеттик фондунун сугат жерлерине ижара акысынын коэфициентин бекитүү маселесин алдын ала карап, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХХ кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1. Куршаб айыл аймагына караштуу Мамлекеттик фондунун сугат жерлерине ижара акысынын коэфициенти 20 эсселик өлчөмдө бекитилсин.

2. Ушул токтомду аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Куршаб айылдык кеңешинин айыл чарба, суу чарба, мелорация, экология, ветеринардык кызмат, жайыт туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

 

Жумаев Б.Э.