Редакцияот 20.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХХ кезексиз отуруму

 

2024-жылдын 20-марты № 106

 

Мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын 04.03.2024-жылдагы №22-2-12/1695 сандуу көрсөтмөсүн кароо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын салык кодексинин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктун жетекчиликке алып Мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын 04.03.2024-жылдагы №22-2-12/1695 сандуу көрсөтмөсүн кароо жөнүндөгү маселени Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХХ кезексиз сессиясынын күн тартибиндеги маселени угуп, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. КР салык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 74 жана 75 беренесине ылайык Таштанды ташып чыгаруунун төлөмү 100 сом өлчөмүндө кабыл алынсын.

2. Куршаб айыл өкмөтүнүн аймагындагы түшкөн төлөмдөр жергиликтүү бюджетин эсебинде калтырылсын.

3. Токтомду мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, финансы,экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага:

 

Жумаев Б.Э.