Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХХII кезексиз отуруму

 

2024-жылдын 19-апрели № 110

 

Куршаб айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасына макулдук берүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Куршаб айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Куршаб айылдык кеңеши төмөнкүдөй

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1. Куршаб айыл амагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

2. 1977-жылкы архивдик маалыматтарга таянып азыркы күндө биз иштетпей жаткан Чыттыдагы 1200 га жайыт жери кайра Куршаб өкмөтүнө кайтарылсын.

3. Куршаб айылдык кеңешинин төрагасына жана Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысына схемалык картага кол коюу тапшырылсын.

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Өзгөн райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Төрага:

 

Жумаев Б.Э.