КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХХII кезексиз отуруму
2024-жылдын 19-апрели № 112
№156 контурунда жайгашкан 3,6га жер тилкесин трансформацияга макулдук берүү жөнүндө
Куршаб айыл тургундарынын орус мектепке жана бала бакчага болгон муктаждыгын камсыздандыруу максатында Куршаб айыл аймагына караштуу Шагым айылында жайгашкан №156 контурундагы 3,6га жер тилкесине мектеп, бала бакча жана ФАП куруу максатында айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан калктуу конуштар категориясына которуу (трансформация) маселесин Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХХII кезексиз отурумунун күн тартибинде каралып, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб айыл аймагына караштуу Шагым айылында жайгашкан №156 контурундагы 3,6га жер тилкесине мектеп, бала бакча жана ФАП куруу максатында айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан калктуу конуштар категориясына которууга (трансформация) макулдук берилсин.
2. Керектүү иш кагаздарын, документтерин даярдап берүү жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы турак жай, өнөр жай, курулуш, жер, жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| Жумаев Б.Э. |