САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги XXIV сессиясынын
2024-жыл 30-январындагы №5
Сайдыкум айыл аймагындагы №48 “Келечек” балдар бакчасынын директору Г.Токторбаеванын жана №45“Маржан” балдар бакчасынын директору З.Тиленованын билдирүүлөрү жөнүндө
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовдун Кызыл-Ай ылындагы №48 “Келечек” балдар бакчасынын директору Г.Токторбаева жана Жаш-Ленин айылындагы №45 “Маржан” балдар бакчасынын директору З.Тиленованын билдирүүлөрүнө негиз, Сайдыкум айыл аймагындагы Кызыл-Ай айылындагы 100 орундуу №48“Келечек” балдар бакчасында тарбияланып жаткан 100 балага 10 бала кошуп берүү, ал эми Жаш-Ленин айылындагы 120 орундуу №45“Маржан” балдар бакчасында тарбияланып жаткан 120 балага 30 бала кошуп берүү маселесин угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл аймагындагы Кызыл-Айылындагы 100 орундуу №48“Келечек” балдар бакчасында тарбияланып жаткан 100 балага 10 бала кошулуп, 110 бала болуп, ал эми Жаш-Ленин айылындагы 120 орундуу №45“Маржан” балдар бакчасында тарбияланып жаткан 120 балага 30 бала кошулуп, 150 бала болуп бекитилсин.
2. Жогорудагы бала бакчалардын кошумча бала алуу үчүн көрсөтүлгөн орундарга, талапка жооп бере турган жагын карап чыгып, керектүү иш кагаздарын толуктоо жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин билим берүү,саламаттыкты сактоо, маданият жана экология, өзгөчө кырдаал, спорт жана жаштар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.И.Досов |