Редакцияот 30.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын

кезектеги XXIV сессиясынын

 

2024-жыл 30-январындагы №13

 

Сайдыкум айыл аймагынын жаранына “Ардактуу атуул” наам ыйгаруу жөнүндө

 

Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Сайдыкум айыл аймагында көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенип, элдин көйгөйүн чечип, элдин арасында кадыр-баркка ээ болгон, азыркы учурда социалдык-экономиканын өнүгүүсүнө зор салымын кошуп келе жаткан, Чоң-Курулуш айылынын тургуну Турсункулов Бегали Маликовичке Сайдыкум айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын.

 

2.     “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу үчүн, төш белгилерди жасатууга кеткен акча каражатын камсыз кылып берүү жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

3.     Токтомдун аткарылышын аткаруу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.

 

4.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы

 

 

Э.И.Досов