САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги XXIV сессиясынын
2024-жыл 30-январындагы №18
Сайдыкум айылдык Кеңешинин депутаты М.Азимкуловдун сунушу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча, Сайдыкум айылдык Кеңешинин депутаты М.Азимкуловдун сунушун угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл аймагындагы борбордук көчөсүнө бетондон жаңы жарыктандыруу мамычасы коюлгандыгына байланыштуу, мурунку темир жарыктандыруу мамычасынан 6 даана жарыктандыруу мамычасын №9 Ж.Асанов мектебинин чоң стадионуна жарыктандырууга берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.И.Досов |