Редакцияот 30.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын

кезектеги XXIV сессиясынын

 

2024-жыл 30-январындагы №19

 

Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Хажир-Абад айылынынын тургуну Курбаналиев Кадырбек Төлөновичтин жеке менчик жер тилкесин балдар бакчасын ачуу үчүн ижарага алуу жөнүндө

 

Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Сайдыкум айыл аймагындагы Хажир-Абад айылынын тургуну Курбаналиев Кадырбек Төлөновичтин жазган арызынын негизинде жеке менчик жер тилкеси 3-02-05-1006-0175 сыр белгиси менен катталган бөлүнгөн жер аянты 1000,0 кв.м жер тилкесин балдар бакчасына пайдалануу жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Сайдыкум айыл аймагындагы Хажир-Абад айылынын тургуну Курбаналиев Кадырбек Төлөновичтин 3-02-05-1006-0175 сыр белгиси менен катталган жеке менчик жер аянты 1000,0 кв.м жер тилкесин балдар бакчасына ачуу үчүн бала бакчанын талаптарына жооп берсе (бөлмөлөрүнүн абалы, санитардык-гигиеналык абалы, балдар жатуучу кровать, төшөк, мотрастар, идиш аяктары ж.б) үй ээси менен айыл өкмөт тарабынан эки тараптуу келишим түзүлүп, пайдаланууга бекитилсин.

2.     Уруксат берүүчү иш-кагаздарын даярдап берүү жагы Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнөн, Базар-Коргон райондук санэпидемиологиялык бөлүмүнөн, ӨКМ Базар-Коргон райондук бөлүмүнөн сунушталсын.

3.     Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.

4.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы

 

 

Э.И.Досов