Редакцияот 30.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын

кезектеги XXIV сессиясынын

 

2024-жыл 30-январындагы №20

 

Сайдыкум айыл аймагындагы №10 “Кызгалдак” балдар бакчасынын директору Н.Көчөрованын билдирүүсү жөнүндө

 

Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовдун Кызыл-Ай ылындагы №10 “Кызгалдак” балдар бакчасынын директору Н.Көчөрованын билдирүүсүнө негиз, Сайдыкум айыл аймагындагы Кызыл-Ай айылындагы 110 орундуу №10“Кызгалдак” балдар бакчасында тарбияланып жаткан 110 балага 10 бала кошуп берүү маселесин угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Сайдыкум айыл аймагындагы Кызыл-Айылындагы 110 орундуу №10“Кызгалдак” балдар бакчасында тарбияланып жаткан 110 балага 10 бала кошулуп, 120 бала болуп бекитилсин.

2.     Жогорудагы бала бакчалардын кошумча бала алуу үчүн көрсөтүлгөн орундарга, талапка жооп бере турган жагын карап чыгып, керектүү иш кагаздарын толуктоо жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.     Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.

4.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин билим берүү,саламаттыкты сактоо, маданият жана экология, өзгөчө кырдаал, спорт жана жаштар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы

 

 

Э.И.Досов