САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги XXIV сессиясынын
2024-жыл 30-январындагы №22
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Жаш-Ленин айылындагы
муниципалдык менчиктеги бош жаткан жер тилкесине ФАП куруу долбоору жөнүндө
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Жаш-Ленин айылындагы муниципалдык менчиктеги 3-02-1002-0283 сыр белгиси менен катталган жалпы аянты 357,0 чарчы метр болгон жер тилкесине мамлекеттик акт алуу маселеси жөнүндөгү Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Жаш-Ленин айылынын муниципалдык менчиктеги бош жаткан жер тилкеси 3-02-1002-0283 сыр белгиси менен катталган жалпы аянты 357,0 м кв жана муниципалдык менчиктеги жер тилкесине ФАП курууга тийиштүү документтер даярдалсын.
2. Жаш-Ленин айылындагы 357,0 м кв жана муниципалдык менчиктеги жер тилкесине ФАП курууга (уруксат берүүчү иш-кагаздарын карап чыгып) долбоордук сметалык документтерин даярдоо жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.И.Досов |