САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги XXIV сессиясынын
2024-жыл 30-январындагы №23
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Кызыл-Ай айылынын
көрүстөндүн жер тилкесин муниципалдык менчикке
алуу жөнүндө
Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылында жайгашкан көрүстөндүн жер тилкесин Сайдыкум айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылында жайгашкан көрүстөндүн жер тилкесин жеринде тактап, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын.
2. Көрүстөнгө жер тилкесин мыйзамдаштырып, жер аянтын аныктап, мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана мөөнөтсүз мөөнөтү көрсөтүлбөгөн мамлекеттик акт алуу жагы, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.И.Досов |