САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги XXIV сессиясынын
2024-жыл 30-январындагы №25
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Чоң-Курулуш айылындагы №143А таза суу скважинасын муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовдун билдирүүсүнө негиз, Сайдыкум айыл аймагындагы Чоң-Курулуш айылындагы №143А таза суу скважинасын муниципалдык менчикке бекитүү жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл аймагындагы Чоң-Курулуш айылындагы №143А таза суу скважинасын жана тийишүү ээлеп турган жер тилкесин, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик реестрине киргизилсин.
2. Сайдыкум айыл аймагындагы Чоң-Курулуш айылындагы №143А таза суу скважинасынын жер тилкесин, Кызыл-Ай айылын таза суу менен камсыздоо жана таза суу линияларын тартуу максатында, функционалдык багытына жараша төмөндөгү 3 группанын А группасына бөлүнүп, классификациясы бекитилсин.
А-группасы Негизги объектилер
Б-Группасы Кошумча объектилер, бош жаткан жерлер
В-группасы Ашык объектилер, бош жаткан жерлер
3. Сайдыкум айыл аймагындагы Чоң-Курулуш айылындагы №143А таза суу скважинасын мыйзамдаштырып, мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана мөөнөтсүз мөөнөтү көрсөтүлбөгөн мамлекеттик акт алуу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.И.Досов |